Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Ош облусуна казылык кызматына дайындалган Султанали ажы Гапуров казыят кызматкерлери жана райондун баш имам-хатибдерине алгачкы жыйынын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө облус казысы жалпы кызматкерлер менен тыгыз иштешип, жылдык иш пландын аткарылышы жөнүндө сөз кылды. Ошондой эле, ар бир ишке жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды.
"Ош облусунда казылык кызматында буга чейин да иштеп көргөм. Облустагы диний абал боюнча бир топ маалыматым бар. Көпчүлүгүңүздөр менен иштешип да келе жатам. Буйруса, дагы да тыгыз иштешип кетебиз деген үмүттөмүн. Сиздерден талабыбыз ар бир ишке жоопкерчилик менен мамиле кылыңыздар", – деди облус казысы Султанали ажы Гапуров.