«Уят – ыймандын бир бөлүгү» (Бухари, Муслим)
Регионы | 24.03.2026
  • |

Токтогул районунда 5 күндүк фикх жана акыйда сабактары өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда катталган «Инкар-Йакын» агымынын мүчөлөрүнө багытталган ханафий мазхабы жана матуриди акыйдасынын негизинде райондук хатибият тарабынан 5 күндүк окуу семинары уюштурулду.

Аталган сабактардын негизги максаты – жамаат мүчөлөрүнүн диний билимин тереңдетүү, туура ишеним (акыйда) жана ибадат маселелеринде бирдиктүү, салттуу багытты бекемдөө болуп саналат.

Окуу программасынын алкагында акыйда сабактарынан «Акыйда Тахавия» китебинин негизинде өтүлдү. Бул сабактарды Токтогул районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Абубакир Саидов алып барды. Ал өз баяндамаларында исламдагы ишенимдин негиздерин кеңири түшүндүрүп, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Ал эми фикх (шарият маселелери) боюнча сабактарды Токтогул районунун борбордук мечитинин имамы Уланбек Назакеев өттү. Ал ханафий мазхабынын негизинде ибадаттардын аткарылыш тартибин, күнүмдүк турмуштагы шарият өкүмдөрүн мисалдар менен кеңири баяндап берди.