Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 22.11.2025
  • |

"Умму Мухаммад" медресесинин студенттерине курмандык чалуу жана мүчөлөө иштери үйрөтүлдү

Ош шаарынын Туран кичи районунда жайгашкан "Умму Мухаммад" медресесинин студенттерине курмандык чалуу жана мүчөлөө иштери үйрөтүлдү.

"Медресебизде студенттердин дээрлик көпчүлүгү курмандык чалуу жана мүчөлөө иштерин жакшы өздөштүргөн. Быйылкы жылы жаңы кабыл алынган студенттер арасында курмандык чалуу жана мүчөлөө иштерин билбегендер үчүн атайын иш-чара уюштурулду. Бул ата-бабалардан келе жаткан каада-салттарыбызды сактоо максатында уюштурулган. Биз студенттерге ар дайым дин менен каада-салтты карама-каршы койбоо керектигин, дин менен салттын шайкештиги тууралуу айтып келебиз", – деди Бекжан ажы Каныбеков.

Айта кетсек, студенттер үчүн курмандык чалуу жана мүчөлөө иштерин 3-курстун студенти Илгиз Асылбек уулу көрсөтүп берди.