Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 21-август күнү Ош шаарындагы «Имам Ал Бухарий-Алай» атындагы борбордук мечитте медресе жетекчилерине диний окуу жайларда өтүлүүчү предметтер, окуу программалары, окутуу методикасы, компетенттүлүк жана колдонула турган абадияттар боюнча талкуу өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргызстан мусулмандары Дин башкармалыгынын Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов, муфтият кызматкерлери Шүкүр ажы Исмаилов жана Абдулазиз ажы Белеков, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Ош шаардык жана Ош облустук казысынын орун басарлары, Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы диний окуу жайлардын жетекчилери жана окуу бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.
Саамалыкта алгач улуттук агенттиктин түштүк-аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу сөз сүйлөп, жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык диний окуу жайларды каттоо, мыйзам талааларын чыкпай бирдиктүү тартипте иш алып баруу боюнча кеп кылды.
Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов ДОЖдордогу болуп жаткан реформалар, окуу программалары, жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык диний окуу жайлардын талаптары боюнча кенен түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ал эми Муфтияттын окуу бөлүмүнүн адиси Шүкүр ажы Исмаилов жана Абдулазиз ажы Белеков предметтик компетенттүлүктөр, сабак өтүүдө календарлык план жана диний адабияттардын колдонуу боюнча маалыматтарды берди.
Иш-чара соңунда лекторлор ДОЖ мугалимдери тарабынан берилген суроолорго жооп берип, жыйынтыкталды.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган иш-чара өлкөнүн түндүк аймагындагы ДОЖ жетекчилерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.