Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Образование | 19.08.2025
  • |

Бишкекте жаш өспүрүмдөр аралык китеп конкурсу өтүп, 4 жеңүүчү умрага жолдомо утту

Бүгүн, 19-август күнү борбор калаадагы «Ыйман» мечитинде «Мен апамды Меккеге алып барам» аттуу жаш өспүрүмдөр аралык китеп окуу конкурсун жыйынтыктоо жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өткөрүлдү. Аталган иш-чарага Азирети Муфтийдин орун басары Талантбек ажы Темирбаев, КМДБ кызматкери Равшан ажы Эратов, «Каусар» апалар жамааты, «Кайрымдуу жүрөк» фондунун өкүлдөрү, диний чөйрөдөгү активист айымдар, конкурсанттар жана ата-энелери катышты.

«Коомду, айрыкча жаш муунду китеп окууга шыктандырууга багытталган өтө сонун саамалыкка күбө болуп жатабыз. Ушул конкурска салым кошкон бардык тараптарга терең ыраазычылык бидиребиз. Бул сыяктуу агартуу иш-чаралары коомубузду китепкөй, жаштарыбызды ыймандуу кылып тарбиялоого өбөлгө түзмөкчү», – деди Талантбек ажы өз сөзүндө.

 «Каусар» апалар жамааты жана «Кайрымдуу жүрөк» фонду менен биргеликте уюштурулган сынакка жалпы 300 дөн ашуун бала катышып, өздөрүн сынашты.

Конкурстун белектери:

1-орун – умра жана кийим;
2-орун – умра жана кийим;
3-орун – умра жана кийим;
4-орун – умра жана кийим;
5-орун – велосипед жана кийим; 
6-орун – велосипед жана кийим;
7-орун – велосипед жана кийим;
8-орун – велосипед жана кийим.

Ошондой эле 9-орундан 20-орунга чейин акчалай жана кызыктыруучу белектер каралды. 

Айта кетсек, аталган конкурс Айзада Кожоевага таандык «Жакшы балдар пайгамбардан үлгү алат» аттуу китептин негизинде уюштурулган.