Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Эң жакшыңар — өз үй-бүлөсүнө эң жакшы мамиле кылгандар”.
Образование | 09.12.2025
  • |

Манас шаарындагы “Биби Рабия” кыз-келиндер медресесинде эки кабаттуу жаңы окуу имараты пайдаланууга берилди.

Манас шаарындагы “Биби Рабия” кыз-келиндер медресесинде заманбап жабдуулар менен камсыздалган эки кабаттуу жаңы окуу имараты курулуп, расмий түрдө пайдаланууга берилди. Иш-чарага КМДБнын Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басарынын м.а. Арпидин ажы Жороев, Манас шаарынын баш имам хатибинин м.а. Мелисбек ажы Тургунбаев, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин облустагы өкүлү Нурбек Кайсарбаев, медресенин устазалары, студенттер жана демөөрчүлөр катышты.

КМДБнын облус боюнча өкүлүнүн орун басарынын м.а. Арпидин ажы Жороев жаңы окуу корпусунун курулушу 2024-жылдын аягында башталып, бир жылга жетпеген убакытта толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилип жатканын белгилеп, демөөрчүлөргө, жергиликтүү жамаатка жана куруучуларга ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ал мында билим алып жаткан кыз-келиндерге илим жолундагы ийгиликтерди каалап, устазаларга талыкпай билим берүүдөгү аракетине жогорку баасын берип, ак батасын берди.

Манас шаарынын баш имам хатиби жана медресенин мурдагы мүдүрү Мелисбек ажы Тургунбаев курулуш ишинин башталышы тууралуу айтып, медресеге кошумча имарат куруу зарылчылыгы буга чейин эле бышып жетилгенин белгиледи:

“Мүдүр болуп дайындалган күндөн тарта медресенин мүмкүнчүлүктөрү тар болуп жатканын көрүп, устазалар менен кеңештик. Демөөрчүлөрдү издеп, Аллахтын жардамы менен бардык шарты бар эки кабаттуу заманбап имаратты 9 айдын ичинде бүткөрдүк. Бул жерде окуу класстары, китепкана, жыйындар залы, устазалар үчүн бөлмөлөр жана кыз-келиндердин кол өнөрчүлүгүн өнүктүрүү үчүн атайын тигүү бөлмөсү да уюштурулду”, – деди ал.

Эске салсак, учурда медреседе 16 мугалим эмгектенип, 289 студент диний жана кесиптик билим алып келет. Мурдагы бир кабаттуу имараттын тардыгынан улам жаралган кыйынчылыктар жаңы окуу корпусунун курулушу менен толугу менен чечилгенин аймактык диний өкүлчүлүктөн билдиришти.