Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 20-август күнү ордо калаадагы Башкы «Имам Сарахсий» мечитинде өлкөнүн түндүк аймагындагы диний окуу жай жетекчилерине багытталган жыйын өткөрүлдү. Жаңы 2025-2026-окуу жылына карата ДОЖдордогу даярдык жана жаңы кабыл алынган программалар тааныштырылган жыйынга Азирети Муфтийдин 1-орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов, КМ АК төрагасынын орун басары Абдуваси ажы Матраимов, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү, ДОЖ жетекчилери жана окуу боюнча мүдүр орун басарлары катышты.
Диний билим берүүнү «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик тарабынан бекитилген тартипте иш алып баруу талкууланган кеңешмеде окутулуучу предметтер, адабияттары, алардын саны, эски жана жаңы программадагы айырмачылыктар жана саат жүктөмдөрү түшүндүрүлдү.
Мындан сырткары ДОЖдорго кабыл алуу жараяндары жана ар алты ай сайын өтүүчү экзамен системасы тууралуу маалымат берилди.
«Биздин максатыбыз тиешелүү мыйзам актыларына жана КМДБнын уставынын негизинде иш алып баруу, диний билим берүүнү системалоо жана өнүктүрүү болуп эсептелет. Жаңы программа диний окуу жайлардын деңгээлин жогорулатууга багытталат», – деди Азирети Муфтийдин 1-орун басары өз сөзүндө.