Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 09.09.2025
  • |

2026-жылдагы ажылык иштерин уюштуруучу республикалык штабдын алгачкы жыйыны өттү

2026-жылдагы ажылык иш-чараларын сапаттуу жана уюшкан тартипте өткөрүү максатында түзүлгөн ведомстволор аралык Убактылуу республикалык штаб кечээ өзүнүн алгачкы жыйынын өткөрдү. Иш-чара Кыргызстандын диний чөйрөсүндөгү эң маанилүү жана жоопкерчиликтүү даярдык мезгилинин башталганын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү Замир Турсунбеков, Кыргызстан мусулмандарынынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Ракиев, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир кары Закиров, КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин бөлүм башчысы Айбек Иминов, Текшерүү комиссиясынын жетекчиси Бактыбек ажы Нурдинов жана штаб өкүлдөрү катышты.

Жыйында ажылыкка даярдык иштери кеңири талкууланып, төмөнкү негизги маселелер каралды:

•    Ажыга барууну каалагандардан алгачкы төлөмдөрдү "Элдик (РСК) банкы" аркылуу кабыл алуу жана зыяратчыларды каттоого алуу;
•    Сауд Араб Падышалыгына зыяратчыларды жеткирүү жана кайра алып келүү боюнча авиакомпаниялардын тандоо конкурсуна байланыштуу мөөнөттү бекитүү;
•    Ажылар үчүн жайкы формаларды тигүүчү ишкерлер арасында жарыялануучу конкурстун мөөнөтүн аныктоо;
•    Ошондой эле ажы башчыларды тандоо боюнча конкурстун шарттары жана мөөнөтү боюнча маселелер каралды.
Жыйын соңунда штаб тарабынан тиешелүү мамлекеттик жана диний мекемелерге сунуштар жана тапшырмалар берилди. Ошондой эле 2026-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча этап-этабы менен ишке ашуучу иш-чаралардын планы түзүлмөй болду.

Штабдын мүчөлөрү белгилегендей, быйылкы ажылык иштери айкын, адилеттүү жана зыяратчылардын кызыкчылыгына ылайык уюштурулат. Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик, КМДБ жана башка тиешелүү тараптар ачык-айкын кызматташууга жана ажылык процессин жогорку деңгээлде өткөрүүгө даяр экенин билдиришти.