Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 03.10.2025
  • |

2026-жылдагы ажылык сапарына даярдык боюнча УРШнын кезектеги жыйыны өттү

Бүгүн, 3-октябрда Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жыйындар залында 2026-жылдагы ажылык сапарына даярдык көрүү максатында убактылуу республикалык штабдын (УРШ) кезектеги жыйыны өткөрүлдү. Жыйынга мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин жана КМДБнын ажылык бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

Ажылык базасына каттоо жана кезек маселеси боюнча чечимдер:

Ажылыктын алдын ала баштапкы төлөмүн Элдик Банкка (РСК) төлөгөн талапкерлер иш кагаздарын облустук, шаардык казыяттарда (өкүлчүлүктөрдө) жана райондук хатибияттардагы операторлор тарабынан 2025-жылдын 23-сентябрынан 2-октябрга чейин каттоого жетишпей калгандар үчүн, ажылык базага талапка ылайык каттоо мөөнөтү 7-октябрь, саат 17:00гө чейин узартуу чечимин кабыл алышты.

Бул чечимге ылайык, көрсөтүлгөн датадан соң документтер кабыл алынбашын эскертебиз!

2025-жылдын 7-октябрь, саат 17:00дө ажылык базага каттоо токтотулуп, андан кийин базага катталуу болбой тургандыгын эскертебиз.