"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Кечээ, 21-апрель күнү Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» мечитинде муфтияттын адал бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын имамдарына адал индустриясы боюнча окуу семинары өткөрүлдү.
Иш-чарага Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев, анын орун басары Акжол ажы Бакиров, КМДБнын адал бөлүмүнүн башчысы Максат ажы Атабаев, бөлүмдүн адиси Дастан ажы Нукунов жана шаардагы имамдар катышты.
Сабактын жүрүшүндө адал тармагынын маанилүүлүгүн коомчулукка жеткирүү, тамак-аш коопсуздугуна көңүл буруу, азык-түлүктөрдүн курамындагы Е-коддордун маанисин түшүндүрүү, ошондой эле мал союучу жайларда шарият талаптарын так сактоо маселелери кеңири талкууланды. Мындан сырткары, адал түшүнүгү жөн гана белги же стандарт эмес, ал түздөн-түз ислам шариятына байланышкан түшүнүк экендиги баса белгиленди.
Ошондой эле дин кызматкерлеринин бул багыттагы ролу өзгөчө экендиги айтылып, калк арасында адал маданиятын жайылтуу, туура маалымат берүү жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгы белгиленди.
Аталган иш-чара имамдардын адал тармагы боюнча билим деңгээлин жогорулатууга жана бул багыттагы түшүндүрүү иштерин активдештирүүгө багытталды.