«Уят – ыймандын бир бөлүгү» (Бухари, Муслим)
Общество | 24.03.2026
  • |

Адылбек Касымалиев Талас шаарында курулуп жаткан борбордук мечиттин курулушу менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарында курулуп жаткан борбордук мечиттин курулушу менен таанышып чыкты. Иш сапарга КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев менен биргеликте курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты. 

Иш сапардын жүрүшүндө Азирети Муфтийдин Талас облусундагы өкүлү Нийматилла ажы Топчиев борбордук мечиттин курулушунун жүрүшү, учурдагы абалы, архитектуралык өзгөчөлүктөрү жана алдыдагы пландары тууралуу кеңири маалымат берип, борбордук мечит аймактагы диний инфраструктураны өнүктүрүүдө жана калктын руханий муктаждыктарын камсыздоодо маанилүү орунду ээлери айтылды. 

Мечит келечекте жамааттык ибадаттарды өткөрүү менен катар диний билим берүү, тарбия берүү жана коомдук ынтымакты бекемдөө багытында да чоң роль ойной турганы белгиленди. Мындан тышкары, курулуп жаткан мечиттин архитектурасы өзгөчө кооз жана заманбап үлгүдө жасалып жатканы, ал бүткөндөн кийин Талас шаарына кооздук берип, шаардын көркүн ачкан негизги жайлардын бири болоору белгиленди. 

Иш сапардын соңунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев курулуш иштерине ийгилик каалап, бул долбоор ийгиликтүү аяктап, элге кызмат кыларын белгиледи.