Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 30.09.2025
  • |

Аялзатка кол салуу – Аллахка каршы чыкканга тете!

Бисмиллахир-Рахманир-Рахийм.

Урматтуу мекендештерим, өзгөчө мырзалар!

Аялзаты – бул коомдун жүрөгү, үй-бүлөнүн куту, жашоонун энеси, өмүрдүн тиреги. Бүгүнкү кыздарыбыз – эртеңки энелер. Алар тукум улай турган асылзаттар, балдардын сүйүктүү энеси, бирөөнүн өмүрлүк жары.

Пайгамбарыбыз Мухаммад САВ мындай деп айткан:
«Кимде-ким кыздарды тарбиялап, аларды жакшы карап, мээрим төгүп чоңойтсо, ал бейишке кирет» (Ибн Мажа).
Дагы бир хадисте:
«Эненин таманынын астында бейиш бар» (Насаий).

Демек, аялзатын урматтоо – бул жөн гана адеп эмес, бул ыймандуулук, бейишке алып баруучу жол.

Ал эми аялзатына кол салып, зулумдук кылган адам – Аллахка каршы чыккандардын катарына кирет. Эсиңерде болсун: аялзатына кол көтөргөн – өз энесине кол көтөргөн менен барабар, кыздын абийрин тепсеген – өз кызынын абийирин тебелеген менен барабар!

Аллах Таала Куранда:
«Зынаага жакындабагыла! Ал – жийиркеничтүү иш жана жаман жол» (Исра сүрөсү, 32-аят) – деп эскерткен.
Ошондой эле:
«Ким бир бейкүнөө адамды өлтүрсө, ал бүтүндөй адамзатты өлтүргөн менен барабар» (Маида сүрөсү, 32-аят).

Урматтуу эр-азаматтар!

Биздин ата-бабаларыбыз аялзатын ар дайым бийик туткан. Аялзатын намысы жана аны коргоо үчүн бүтүндөй азаматтар аттанган. Кыргызда кызды төргө чыгарган, энени таажыдай башына көтөрүп, абдан катуу сыйлаган. Бул – биздин шариятыбыз, наркыбыз, кан-жаныбызга сиңген асыл салт. Аялзатын урматтоо – бул кыргыздын намысы!

Бирок бүгүн айрым адамдар напсинин кулу болуп, аялзатына кордук көрсөтүп, коомдо үрөй учурган окуялар жаралып жатат. Бул – чоң трагедия, бул – намысты тебелөө, бул – коомду кыйратуу! 

Ата катары – биз кыздарыбызды аруу сактап, уулдарыбызды адеп-ахлакка, ыйманга тарбиялап, үй-бүлөнү коргоп, балдарыбызга мээрим жана камкордук менен үлгү болууга милдеттүүбүз. Ата – үйдүн тиреги. Тирек бекем болсо, үй бекем болот.

Ага катары – ар бир эр-азамат коомдогу кыз-келиндерге өз карындашындай аяр мамиле кылышы зарыл. Алардын абийирин, кадыр-баркын жана коопсуздугун коргоо – биздин мусулмандык жана инсандык парзыбыз. Ал эми ини катары – эже-карындаштарыбызга, апаларыбызга ар дайым жардамчы болуу, оорун колдон, жеңилин жерден алуу – бул биздин милдетибиз. Алла Таала эр-азаматтарды күч, акыл, жоопкерчилик менен сынап койгон. Бул күчтү зулумдукка эмес, боорукерликке жана коргоого жумшоо – чыныгы эрдик.

Урматтуу мекендештерим!
Эр-азамат болуу – бул күч менен мактануу эмес. Эркектин чыныгы күчү – өзүн тыя билүүдө, аялзатына аяр мамиле кылууда. Боорукер болуу – эрдик, мээримдүү болуу – бийиктик, аялзатын коргоо – бул ыймандуулук!

Келгиле, коомду зынаадан, бузукулуктан, зулумдуктан сактайлы. Үй-бүлөнү бийик адеп-ахлак менен тарбиялайлы. Ар бир кызды – өз кызыбыздай, ар бир аялды – өз энебиздей, ар бир бийкечти – өз карындашыбыздай аярлап мамиле кылалы.

Эсиңерде болсун: аялзатына кол салган адамдын акырети караңгы! Алла Таала аялзатын урматтаганды урматтайт, зулумдук кылгандарды дүйнөдө да, акыретте да жазалайт.


Биздин коомду сактап калуучу эң чоң курал – бул ыйман, адеп жана аялзатына болгон урмат. Эгер аялзатын урматтасак, коомубуздун уңгусу бекем болот. Эгер аялзатына зулум кылсак, анда коомубуз кыйроо жолуна түшөт.


Алла Таала бизди аялзатын урматтап, коомубузду адеп-ахлак менен коргогондордон кылсын!

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров