Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 08.08.2025
  • |

Айтматов: Чейрек кылым имамдык кылган Барпыбек ата зыярат кылынды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Талас облусунун Айтматов районуна жасаган иш сапарынын алкагында аймактагы ардактуу дин кызматкери Барпыбек Сулайманкуловду зыярат кылды.

«Кыргызда «карысы бардын ырысы бар» деген жакшы сөз бар. Бул аталар биздин акыл айтар, жол көрсөтөр аксакалдарыбыз. Жүзүнөн нур, оозунан бата төгүлгөн аталарыбызды, энелерибизди ардактайлы», – деген муфтий, – «Алла жок» делген атеисттик доордун тушунда исламият үчүн жан үрөп иштеп, элибизге ак кызмат кылган улуу муун аалым-молдолорун зыярат кылып, бата-дубаларын алып жатабыз. Биз үчүн, мекенибиз үчүн, мамлекетибиз үчүн дуба бериңиз», – деп бата алды Азирети Муфтий.  

Сулайманкулов Барпыбек тууралуу:

Айтматов районунун тургуну Сулайманкулов Барпыбек 1945-жылы 1-июль күнү туулган. Орто мектепти аяктагандан көп көтпөй, 1965-жылы Советтик Армияда кызмат өтөгөн (Украина, Полтава обл.). Андан соң Киров колхозунда айдоочу катары эмгектенген. Ошону менен катары аймактагы Хусейин аттуу молдодон диний сабатын ачат. 1991-жылы Кызыл-Адыр айылында имам болуп дайындалган. 25 жыл бою үзүрлүү эмгек кылган ал 2016-жылы ден соолугуна байланыштуу имамдыкты тапшырган.