"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Общество | 28.04.2026
  • |

Аксакалдар Азирети Муфтийге баталарын беришти

Бүгүн, 28-апрелде көл кылаасындагы ардактуу диний ишмер Султанкожо Сутонов жана «Бакай» коомунун төрагасы Токтобай Назаралиев баштаган аксакалдар Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгын зыярат кылып, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун кабыл алуусунда болушту. 

«Урматтуу муфтий балам! Сиз аталар жолун бекем карманган, аксакалдарга болгон урматты жайына койгон аалым жигит экенсиз. Дин жолунда өмүрүн арнаган аксакалдардан үйүнө чейин барып кабар алып, ал эми көзү өтүп кеткен аалым-молдолордун кабырын зыярат кылып, арбактарына багыштап Куран окуп жатасыз. Бул өзү өтө сооптуу иш. Улуу муунду сыйлап, кадырлап келе жатканыңыз үчүн аксакалдардын атынан ыраазычылык билдирип, ак батабызды берели деп атайын келдик», – деди Ысык-Көлдөгү райондордун биринде көп жылдар бою баш имам-хатиб болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан Султанкожо ата.

Ал эми «Бакай» коомунун төрагасы Токтобай Назаралиев да ушундай эле ыраазычылык сөздөрүн айтып, сунуш-пикирлерин ортого салып, ак батасын берди.

Жолугушуу соңунда Султанкожо Сутонов Азирети Муфтийге сувенирдик кылыч белек кылса, Токтобай Назаралиев «Бакай» коомунун атынан Ардак грамота тапшырды.

Азирети Муфтий атайын убакыт бөлүп муфтиятты зыярат кылган аксакалдарга ыраазычылыгын билдирип, дин жана салт жолунда эмгектенүү өзү үчүн сыймык экенин кошумчалады.