Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 22.07.2025
  • |

Анкарада Түрк мамлекеттеринин фатва кеңешинин жыйыны өтүп жатат

Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн дин башкармалыктарынын алдындагы фатва кеңешинин кезектеги жыйыны Түркиянын борбору Анкара шаарында өтүп жатат. Бул жыйындын өзгөчөлүгү – ал 6 күндүк атайын семинар форматында уюштурулуп, катышуучуларга терең практикалык жана теориялык тажрыйба алмашуу багытында жүрүүдө.

Жыйынга Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын, Түркиянын Диянет башкармалыгынын жана Азербайжан Ислам дин башкармалыгынын фатва бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышууда.

Иш-чара Түрк мамлекеттер уюмунун катчылыгынын уюштуруусу жана Түркиянын Диянет башкармалыгынын демилгеси менен өткөрүлүп, анда фатвалардын актуалдуулугу, дин кызматкерлери тарабынан берилген диний чечимдерди бир нукка түшүрүү жана өз ара тажрыйба алмашуу маселелери талкууланууда.

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев бул жыйын тууралуу төмөнкүдөй пикирин билдирди:

«Анкарада өтүп жаткан бул иш-чарада айдын жаңыруусу, намаз убактылары, тамак-аш азыктарына кошулуучу желатин маселелери, зекеттеги өлчөмдөр сыяктуу бир катар маселелер күн тартибине коюлган. Бул биз үчүн чоң тажрыйба жана пайдалуу» — деди ал.

Муну менен катар катышуучулар Түркиянын Диянет башкармалыгынын ишмердүүлүгү менен таанышышып, Диянет академиясын, телестудия жана атайын окурмандар үчүн даярдалган улуттук китепканасын зыярат кылышты. 
Бул жыйын түрк мамлекеттеринин ортосунда диний алакаларды чыңдоого, бирдиктүү диний позицияларды иштеп чыгууга жана фатва берүүдө илимий ыкмаларды пайдаланууга чоң салым кошоору күтүлүүдө.

Анкара шаарында өтүп жаткан фатва кеңешинин кезектеги жыйынына Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Абдыманап кары Масалиев жана Ош облусунун казысы Абибилла ажы Кадырбердиев катышууда.