«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Общество | 11.09.2026
  • |

АЖЫ БАШЧЫЛЫККА ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ

Урматтуу ажы башчылыкка талапкерлер!

Үстүбүздөгү жылдын 19-сентябрь күнү саат 08:00дө «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде тесттик сынак өткөрүлөт.
Дареги: Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 267, 4-кабат, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси.
Тесттик сынакка катышуу үчүн 270 сом өлчөмүндө төлөм жүргүзүү зарыл. Төлөмдүн реквизиттери төмөндө көрсөтүлдү.
Талапкерлер төмөнкү документтерди алып келүүгө тийиш:
ID паспорт, «Кыргызтестке» тест тапшыруу үчүн төлөнгөн төлөмдүн кагаз түрүндөгү квитанциясы.
Төлөм реквизиттери:
Алуучу:«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси
Алуучунун банкы: КР Борбордук казыналыгы
Төлөм коду: 14235400
Төлөмдүн багыты: Мамлекеттик тил боюнча тест жүргүзүү үчүн төлөм
Эсептешүү эсеби: 4402031102003679
БИК: 440203, 440001
Төлөмдүн суммасы: 270 сом
Элдик банк тиркемеси жана "О" деньги электрондук капчыгы аркылуу төлөм жүргүзсө болот.
Талапкерлерден тесттик сынакка өз убагында келип, жогоруда көрсөтүлгөн документтерди даярдап келүүсүн өтүнөбүз.

Эскертүү: Тесттик сынактан ийгиликтүү өткөндөргө баарлашуу сынактары 2026-жылы 20-сентябрында саат 8:30 Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгында  өтөт. Дареги: Семашко көчөсү 264/3