Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров САПтын Ажылык жана умра министринин орун басары Абдул Фаттах бин Сулейман Мушат менен жолугушту.
Жолугушууда ислам дининин негизги түркүктөрүнөн болгон ажылыктын мааниси баса белгиленип, 2026-жылдагы ажылык сапарын уюштуруу талкууланып, өткөн жана ушул жылдагы ажылыкты уюштуруудагы Кыргызстандын ийгиликтери эске салынды.
Ошондой эле ажылык жаатында Кыргызстан менен САПтын тыгыз кызматташтыгы баса белгиленип, министрдин орун басарына Кыргызстан мусулмандарынын атынан Ыраазычылык тапшырылды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар 2026-жылдагы ажылык иштерин уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюшту.
Маанилүү жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү Замир Турсунбеков, КМАК төрагасы Замир кары Ракиев, Азирети Муфтийдин орун басары, 2026-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев жана Саудиянын ажылык иштери боюнча жетекчилеринин мурдагы башкы жетекчиси Бадр ас-Сулами катышты.