Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында облустагы жалпы дин кызматкерлери менен жолугушуп, аймактагы диний кырдаал жана диний мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Жолугушууда Азирети Муфтий имамдардын коом алдындагы жоопкерчилиги тууралуу сөз кылып, элге кызмат кылуу — чоң ишеним жана жоопкерчилик экендигин белгиледи.
«Имамдык — бул жоопкерчилик. Элдин ыйманына, адеп-ахлагына кам көрүү — биз үчүн милдет. Ошондуктан ар бир дин кызматкери элге үлгү болуп, калыстыкты, сабырдуулукту жана биримдикти бекем карманышы керек», — деди Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров.
Муну менен катар Азирети Муфтий жакында өтө турган шайлоого да токтолуп, дин кызматкерлерине жарандык милдетин так аткаруу менен бирге саясий нейтралдуулукту сактоо зарылдыгын эскертти.
«Шайлоо — ар бир жарандын укугу жана жоопкерчилиги. Биз да эл катары татыктуу талапкерге добуш берүүгө укуктуубуз. Бирок дин кызматкер үгүт иштерине катыша албайт, мечиттин аймагында же ичинде саясий чакырыктарды жүргүзүү — такыр туура эмес. Мечит — бул ыйман жана биримдик жайы», — деп белгиледи Азирети Муфтий.