«Орозо кармагыла да, (жан дүйнөңөрдү да, ден-соолугуңарды да) чыңдагыла! (Хайсами 3/179)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган аалымдар Кыргызстан мусулмандарынын туңгуч муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахмановдун кабырын зыярат кылып, рухуна багыштап Куран окуду.
Дуба кылынган соң Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров экс-муфтийдин өрнөктүү өмүр жолун, дин исламга кылган ат көтөргүс мээнетин, кооз мүнөзүн жана бийик адеп-ахлагын эскерип, советтик Борбордук Азиянын жана эгемен Кыргызстандын эң алдыңкы дин аалымдарынын бири болуп кала берерин баса белгиледи.
Кыргызстандын туңгуч муфтийи тууралуу:
Кимсанбай ажы Абдурахманов 1940-жылдын 10-июлунда Өзбекстандын Фергана облусундагы (Кыргызстандын Баткен шаарынан 15 километр алыстыктагы) Жанабад айылында жергиликтүү кыргыз үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген.
Ал 1957-жылы орто мектепти аяктап, 1959-жылы Өзбекстандын Бухара шаарындагы «Мир-и Араб» Ислам медресесине окууга кирген.
1962-1966-жылдары Советтер Союзунун Ыраакы Чыгышындагы Деңиз флотунда аскердик кызмат өтөп, аскерден кайткандан кийин «Мир-и Араб» Ислам медресесиндеги окуусун улантып, аны 1971-жылы ийгиликтүү бүткөн.
1971-1976-жылдары Ташкентеги Борбордук Азия жана Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында «Советтик Чыгыштын мусулмандары» журналынын редакциясында адабий кызматкер болуп эмгектенген.
1976-1980-жылдары ал Иорданиянын борбору Амман шаарындагы Иордан мамлекеттик университетинин Шарият факультетинде окуп, аны ийгиликтүү аяктап, Иорданиянын падышасынын колунан Ислам шариятынын адиси деген дипломду алган.
1980-1982-жылдары «Советтик чыгыштын мусулмандары» журналынын редакциясында журналдын араб тили жана өзбек варианттарынын редактору болуп иштеген.
1982-1986-жылдары Кимсанбай ажы Бухарадагы «Мир-и Араб» Ислам медресесинин директору болуп иштейт.
1987-1989-жылдары Борбордук Азия жана Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын фатва бөлүмүндө эмгектенген, 1990-жылдын мартынан 1992-жылдын сентябрына чейин Кыргызстан мусулмандарынын казыятынын төрагасы – казы кызматын ээлеген.
1992-жылдын август айынын аягында Кыргызстан мусулмандарынын 1-Курултайы болуп, эгемендүү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы түзүлүп, анын төрагасы – Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи болуп Кимсанбай ажы Абдурахманов дайындалган.
Экс-муфтий Кимсанбай ажы 1990-жылдын сентябрында Бишкек шаарында Кыргызстандагы туңгуч ислам медресесин ачкан. Бул медресени 1993-жылы Ислам инситутуна айландырып, окуу программаларын да жогорку деңгээлге көтөрүп, ага «Азрети Али» атын берген. Ушул жылы Кимсанбай ажынын демилгеси менен Кыргызстандын региондорунда да ислам медреселери ачылып иштей баштаган. 1991-жылы Кимсанбай ажы баш болгон 450 киши биринчи жолу Кыргызстандан Саудия Аравияга ажылыкка барган. Ушул жылы экс-муфтий Кимсанбай ажынын демилгеси менен даргин улутундагылар жашаган айылда ислам медресеси жана Курани Каримди жаттоо ишин багыттаган каарылар медресеси ачылып, иштей баштаган. Кимсанбай ажы Бириккен Араб Эмираттарындагы белгилүү шейхтердин бири менен сүйлөшүп, Бишкек шаарында жаңы стилдеги борбордук мечитин курууга жардам сурап, аталган борбордук мечит 1995-жылдын октябрь айында бүткөрүлгөн. Азыркы күндөрдө да ал мечит борбордук мечит катары шаар тургундарына жана конокторуна кызмат кылып келет.
Дал ушул мечитке өзүнүн ысымы ыйгарылган.
1994-жылы Азирети Муфтий Кимсанбай ажынын аракети менен Сауд Аравиядагы Ислам банкы борбордук мечиттин жанындагы чоң имаратты сатып берген.
1996-жылы Кимсанбай ажы Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгын жана «Азрети Умар» институтун учурдагы Гоголь, 57 дарегиндеги имаратка көчүргөн. Азыркы мезгилде дал ушул имаратта Кыргызстан Ислам университети бар.
Азирети Муфтий Кимсанбай ажынын аракети астында 1990-жылга чейинки Кыргызстандагы 39 мечиттин саны миңден ашкан. «Азирети Умар» Ислам институтунда Египеттен келген араб мугалимдер араб тилинен сабак бере баштаган. 1996-жылдын декабрында Кимсанбай ажы Кыргызстандын Муфтийи кызматынан бошогон.
2000-жылдан 2003-жылдын сентябрына чейин Кимсанбай ажы экинчи жолу Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи болуп кызмат өтөгөн.
Ушул жылдардан соң Кимсанбай ажы көп жыл бою имам-хатибдик кылган. Алсак, 2004-2007-жылдары Бишкек шаарындагы «Махмуд Кашкарий» мечитинде имам-хатиб болуп иштеген. 2008-жылдын апрелинен баштап Бишкек шаарындагы жаңы курулган «Мусакан төрө» мечитинде имам-хатиб (башкы имам) болуп үзүрлүү кызмат өтөгөн.
Кыргызстан мусулмандарынын туңгуч муфтийи, маркум Кимсанбай ажы Абдурахмановдун жаркын элеси эл жүрөгүндө сакталып кала берет.