Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 08.10.2025
  • |

Азирети Муфтий казыларга онлайн жыйын өтүп, тапшырмаларды берди

Бүгүн, 8-октябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров облустук жана аймактык казыларга (өкүлдөргө) чукул түрдө онлайн жыйын өткөрдү. Жыйында алдыда келе жаткан Жогорку Кеңешке шайлоо тууралуу сөз кылып, өкүлдөргө тапшырмаларды берди.

«Урматтуу өкүлдөр! Алдыда шайлоо өнөктүгү келе жатат. Тиешелүү мамлекеттик мыйзамдарга ылайык, диний кызматкерлер үгүт иштерине катыша албайт. Ушул жагына абдан маани берели. Расмий дин кызматкерлерине толук жеткириңиздер. Имамдарыбыз үгүт иштерине тартылып же мечит-медреселерибизде саясий көрнөк-жарнактар болбошу керек», – деди КМДБ жетекчиси.

Азирети Муфтий мамлекет башчынын кайрылуусуна шилтеме жасап, шайлоо мыйзамда көрсөтүлгөн тартиптерде таза жана ачык-айкын болушу зарылдыгын кошумчалады.

Онлайн саамалык Кыргыз Республикасынын Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү мыйзамынын 5-беренесинин негизинде өткөрүлдү.

Айта кетсек, Кыргызстанда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт.