"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Общество | 23.04.2026
  • |

Азирети Муфтий Палестина мамлекетинин элчиси менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Палестина Мамлекетинин элчиси доктор Уайл Ахмед Батрехини кабыл алды. Жылуу маанайда өткөн кабыл алууда Азирети Муфтий буларды билдирди:

«Палестинада бир нече жылдар бою уланып жаткан кыргынды айыптоо менен, андан жапа чеккен мусулман бир туугандарыбызга көңүл айтабыз. Жаратканым шейит кеткендерди өз ырайымына алып, жаракат алгандарга шыпаа берсин. Кыргыз өлкөсү ар дайым мазлумдардын жанында болуп келген. Президентибиз ООНдун бийик трибунасында Палестинаны колдоп сүйлөгөнүнө дүйнө жүзү күбө. Тез арада Палестинада тынчтык орносо экен деп дуба кылабыз». 

Палестина Мамлекетинин элчиси доктор Уайл Ахмед Батрехи кабыл алганы үчүн Азирети Муфтийге ыраазычылык билдирди:

«Кыргыз калкы бизди, Палестинаны эл аралык чөйрөдө ар дайым колдоп келет. Кыргызстандын жетекчилигине эрктүүлүктү көрсөтүп келе жатканына жогору баа беребиз. Ошондой эле мусулман кыргыз калкы ар дайым дубада болуп, мусулмандык тилектештикти билдирип келгениңиздерди билебиз. Эми мындан ары да мазлумдарды колдоп, эл аралык укуктун орношуна салым кошосуздар деп ишенем», – деди элчи.