Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында облус аймагындагы баш имам-хатибдер менен жолугушуу өткөрдү.
Жыйын Манас шаарындагы облустук казыятта өтүп, ага муфтийдин орун басары Талант ажы Темирбаев, облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков, облустун бардык район жана шаарларынын баш имам-хатибдери, ошондой эле казыят кызматкерлери катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Азирети Муфтий эки негизги маселеге токтолду. Биринчиси; «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү» мамлекеттик мыйзамга токтолуп, ар бир дин кызматкери мыйзамдын мазмуну менен жакындан таанышып, анын беренелерин так билиши зарыл экенин баса белгиледи. Азирети Муфтийдин айтымында, диний ишмердүүлүк жогорку мыйзам жана Муфтияттын Уставынын негизинде жүргүзүлмөкчү.
Экинчиси; Азирети Муфтий алдыда боло турган шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу дин кызматкерлерине саясий иштерге аралашпоону жана бейтараптыкты сактоону катуу эскертти. Ал дин кызматкерлеринин башкы милдети — эл биримдигин, ынтымагын жана ыйман баалуулуктарын бекемдөө экенин белгиледи.
Ошондой эле Азирети Муфтийдин орун басары Талант ажы Темирбаев сөз сүйлөп, баш имам-хатибдерге мечиттерди кайра каттоо иштерин ыкчам жүргүзүү тапшырмасын берди. Ал бул багыттагы иштерди мыйзамдын талаптарына ылайык, өз убагында бүтүрүү зарылдыгын айтып, казыяттар менен мечиттер ортосундагы байланыштын ырааттуу болушун табыштады.