«Жакшылык – жүрөгүң тынчтык тапкан нерсе, жамандык – жүрөгүң тынчсызданган нерсе» (Муслим)
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттик жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери менен жолугушуу өттү.
Үй-бүлө институтун бекемдөө, илим-билимдин баа-баркы, салттуу исламды жеткирүү, радикализм жана экстремизмдин алдын алуу жолдору тууралуу маалыматтык-түшүндүрүүгө багытталган иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты жана ислам баалуулуктары тууралуу маалыматтар берилди.
Жолугушууда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров исламда үй-бүлө жана аталган институтту бекемдөө боюнча лекция окуп, студенттердин суроолоруна жооп берди.
Айта кетсек, иш-чаранын жүрүшүндө КМДБ тарабынан тартылган үй-бүлөлүк баалуулуктар жана тарбиялык маанидеги видеороликтер коюлду.