"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдилазиз кары Закировдун Баткен облусуна болгон иш сапары Лейлек районунда уланды. Иш сапардын алкагында Азирети Муфтий Лейлек районунда жаңы мечиттин ачылышына катышты.
Андан ары иш сапар Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Интернациональное айылында уланды. КМДБ жетекчиси бул жерде жаңыдан курулуп бүткөн мечиттин расмий ачылыш аземине катышты.
Аталган мечит жергиликтүү ишкерлердин демөөрчүлүгү менен курулуп, пайдаланууга берилди. Чек ара аймагында жайгашкан айыл тургундары менен жолугушууда Азирети Муфтий бүгүнкү күндө дин тармагында жүргүзүлүп жаткан иштер, диний билим берүү жана коомдогу руханий баалуулуктар тууралуу маалымат берди.
Бул иш сапар аймактагы диний инфраструктураны өнүктүрүүгө, жергиликтүү калк менен байланышты бекемдөөгө жана руханий баалуулуктарды жайылтууга багытталат.