«Эркек болобу, аял болобу – ким ыйман келтирип, жакшы амал кылса, Биз ага жакшы жашоо беребиз» (Нахл сүрөсү, 97-аят)
Азирети Муфтийдин Нарын облусундагы өкүлү Нуридин ажы Мамасабиров алгачкы иш сапарын Ат-Башы районунан баштады. Иш сапардын алкагында ал райондун борбордук мечитинде жамаат менен жолугуп, жума баянын айтып, жума намазын жергиликтуу жашоочулар менен бирге окуду.
Андан соң эл алдында Ат-Башы хатибиятында 16 жыл үзүрлүү эмгек кылган Абдулла Тахировго ыраазычылык билдирилип, Азирети Муфтийдин 2025-жылдагы жыл жыйынтыгынын негизинде “Мыкты баш имам-хатиб” наамы тапшырылды.
Белгилей кетсек, Абдулла Тахиров үй-бүлөлүк жагдайына байланыштуу кызматтан бошотуу тууралуу өз арызын тапшырган.
Мындан улам Ат-Башы районуна жаңы баш имам-хатиб болуп дайындалган Рахат Дүйшембиев жамаатка тааныштырылып, расмий түрдө кызмат ордуна отургузулду.