Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 10.09.2025
  • |

Азирети Муфтий Азербайжандын муфтийи Аллахшүкүр Пашазадени тосуп алды

Бүгүн, 10-сентябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Азербайжан Республикасынын муфтийи, шейхул-ислам Аллахшүкүр Пашазадени «Манас» эл аралык аэропортунан тосуп алды.

Ардактуу Аллахшүкүр Пашазаде баштаган Азербайжан делегациясы үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында өтүүчү ТМУга мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын төрагаларынын VI жыйынына катышуу үчүн күнөстүү Кыргызстанга келди.

Айта кетсек, Азербайжан аалымдар делегациясында муфтийдин биринчи орун басары Салман Мусаев, муфтийдин жардамчысы Гүндүз Бабаев, протокол башчысы Руфат Гасанов, пресс катчысы Рагима Дадашова жана маалымат адиси Гамид Багиров бар болсо, бүгүн, эрте менен Муфтийдин орун басарлары Рашад Алиярлы, Джейхун Рустамов, фатва кеңешинин мүчөсү Валех Насиров келген.