Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 20-июль күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Баткен облусунун Лейлек районуна иш сапар менен барды.
Азирети Муфтий алгач Раззаков шаарындагы «Абу Бакир Сыддык» жума мечитинде райондогу диний кызматкерлерге жыйын өткөрүп, үй-бүлө баалуулуктарын коргоо, зордук-зомбулуктарга каршы агартуу иштерин колго алуу, салттуу ислам болгон матуридилик-ханафиликти сактоо, ысырапкорчулукка каршы иш-аракеттер, ислам жана медицина ж.б. боюнча доклад жасады.
Ошондой эле КМДБны өнүктүрүү жана коомдогу диний маданиятты жогорулатууга багытталган 40 кадамдан турган стратегиялык иш-мерчеми боюнча маалымат берип, анын алкагында бекитилген жарым жылдык иш-план менен тааныштырды.
«Урматтуу имам-дамлалар! Бардык эле адам имам боло албайт, баарына эле насип буюра бербейт. Алла Тааланын мээри төгүлгөн киши гана диний иш мойнуна жүктөлөт эмеспи. Пайгамбардын вазипасы болгон имамдыкты колдон келишинче аткарып келесиздер. Алла Таалам ыраазы болуп, кызматыңыздарды кабыл кылсын», – деген КМДБ жетекчиси имамдарды дагы жоопкерчиликтүү, дагы да сапаттуу кызмат кылууга чакырды.
Мындан сырткары Азирети Муфтий имамдардын сунуш-пикирлерин жана ойлорун укту.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин аймактагы өкүлү Чагылган Юсупов диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө сөз кылса, КМДБ кызматкери Равшан ажы Эратов имамдардын этикасы, нике маселеси жана диний баяндын форматтары боюнча маалымат берди.
Ал эми райондун баш имам-хатиби Кубатбек ажы Абдыгапар уулу өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча Азирети Муфтийге отчёт берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө муфтияттын «Нарк» долбоорунун алкагында тартылган таалим-тарбиялык видеолор көрсөтүлдү.
Ошондой эле райондо диний агартуу иштерин жигердүү жүргүзүп келе жаткан Уланбек Сайдиллоев, Айбек Байназаров, Медер Ташов аттуу диний үгүтчүлөргө муфтияттын Ыраазычылык баракчасы тапшырылды.
Айта кетсек, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун бардык райондорго барып, хатибияттардан кабар алып, аймактардагы диний кызматкерлер менен бет маңдай форматта пикир алышуу саамалыгы старт алды. Райондордогу диний кызматкерлерден жеринен кабар алуу жана хатибияттардын ишмердиги менен жеринен таанышууну көздөгөн ири масштабдагы иш-чара муфтияттын тарыхында алгачкы жолу уюштурулууда.