"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдилазиз кары Закиров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында аймактагы аксакал устаз-аалымдарга муфтияттын жогорку даражалуу «Насыйкат» медалын тапшырды.
Сыйлыкка татыктуу болгондор:
Ибрахим ажы Кадыров;
Махмасали ажы Шүкүров;
Мухаматкул ажы Абдиев.
Иш-чаранын жүрүшүндө Азирети Муфтий аксакал устаздардын динди жайылтууда жана жаш муунга илим үйрөтүүдөгү эмгегин өзгөчө белгиледи.
Анын айтымында, буга чейинки катаал шарттарга карабастан динди сактап, элге илим үйрөткөн устаздарды көзү тирүүсүндө барктап, урматтоо — ар бирибиздин милдетибиз.
«Бул берилген «Насыйкат» медалы алардын көп жылдык эмгегинин бир бөлүгү гана. Биз, дин кызматкерлери, ислам жолунда чачы агарган устаздарыбызды кадырлап, төрүбүзгө отургузуп, ак батасын алып калышыбыз керек», — деди Азирети Муфтий.
Аймактык диний өкүлчүлүктөн билдиришинче, облус аймагында КМДБнын «Насыйкат» медалын алган 4 устаз болду. Буга чейин устаз Ахунали ажы Курбановго берилген.
Азирети Муфтий иш сапарынын жүрүшүндө көп жылдар бою имамчылыкты аркалап, динге кызмат кылган ардактуу дин кызматкерлерине КМДБнын Алкыш баракчаларын тапшырды.