Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Нике — менин сүннөтүм. Ким менин сүннөтүмдөн жүз үйрүсө, менден эмес” (Бухари, Муслим)
Общество | 14.06.2025
  • |

Бишкек: Азирети Муфтий ажыларды тосуп алды

Бүгүн, 14-июнь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров ажылык ибадатын аяктап, Меккеден Мекенге кайткан зыяратчыларды тосуп алды. Саамалыкка Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев, диний кызматкерлер жана ажылардын жакындары катышты. 

Зыяратчыларды жылуу маанайда тосуп алган Азирети Муфтий ибадаттардын кабыл болушун Жараткандын тилеп, эл-журт жана Мекен үчүн дуба кылды. 

Айта кетсек, Жидда-Ош багыты боюнча ажылардын алгачкы тобу кечээ, 13-июнда Ош эл аралык аэропортуна конгон болсо, бүгүн Медина-Бишкек багыты боюнча алгачкы рейс ийгиликтүү аткарылды. Кыргызстандан барган ажылардын эң акыркы тобу 18-июнда учуп келиши күтүлүүдө.