Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 11.09.2025
  • |

Бишкекте ТМУга мүчө өлкөлөрдүн Азирети Муфтийлеринин VI саммити старт алды

Бүгүн, 11-сентябрда Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында ТМУга мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын төрагаларынын VI жыйыны расмий башталды. Тарыхый саамалыкка Кавказ мусулмандарынын башкармалыгынын төрагасы жана Азербайжан Республикасынын муфтийи, шейхул-ислам Аллахшүкүр Пашазаде, Түркия Диянет иштери башкармалыгынын башчысы, проф., др. Али Эрбаш, Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын башчысы, баш муфтий Ноорузбай ажы Таган уулу, Өзбекстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын төрагасы, муфтийи, шейх Нуриддин ажы Холикназаров, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышууда.

Боордош өлкөлөрдүн Азирети Муфтийлеринин кезектеги саммитин Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров расмий түрдө ачып, ачык деп жарыялады: «Кадырлуу боордош бир туугандар. Урматтуу агайындар жана жыйындын бардык катышуучулары! Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы Дин Башкармалыктарынын кызматташтыгы – бул биздин биримдигибиздин руханий таянычы, келечек муунга татыктуу моралдык жана тарбиялык мурас калтыруунун ишенимдүү жолу. Ынтымак менен биргелешип жасаган ар бир ишибиз – жалпы мусулман калктардын өнүгүүсүнө жана мамлекеттер аралык  кызматташтыкка көпүрө болот деп ишенебиз. Аллах Таала ынтымак-биримдигибизди түбөлүк кылсын!

Ардактуу аалымдар! Азиз бир туугандар! Күн тартибиндеги негизги маселебиз «Исламда үммөттүн биримдиги». Үммөт – бул бир динге ишенген, бир акыйдада, бир максатта бириккен адамдардын тобу. Исламиятта үммөт – жалгыз Алла Таалага кулдук урган, Анын буйруктарын аткарууга умтулган жана Азирети Мухаммедди (с.а.в.) ээрчиген мусулмандардын ааламдык бир туугандыгы. Үммөттүн күчү – анын биримдигинде. Биримдик бар жерде ынтымак, колдоо жана күч бар. Ал эми бөлүнүп-жарылуу бар жерде алсыздык жана анархия орун алат. Ыйык Куранда Алла Таала:

﴿وَاعْتَصِمُوا بِحَبْلِ اللَّهِ جَمِيعًا وَلَا تَفَرَّقُوا ۚ ﴾ [ آل عمران: 103]

«Баарыңар Алланын жибин (динин) бекем кармангыла жана бөлүнүп-жарылбагыла», – деп өкүм кылган (Али Имран, 103).

Ар бир мусулман бири-бирине боорукер, мээримдүү жана камкор болсо, сырттан келүүчү ар кандай кооптуулуктан жана коркунучтан чогуу сактанса, илимий жана маданий жактан биргелешип аракеттенсе, өз ара ишеним жана туруктуулук болсо, үммөттүн биримдиги бекемделмекчи жана өнүгүп-өсмөкчү. Демек, үммөт биримдиги – бул ар бир мусулман үчүн зор жоопкерчилик. Андыктан ар кимибиз үй-бүлөбүзгө, тууган-туушканыбызга, коңшуларыбызга жана жалпы коомго мээрим менен мамиле кылсак, чоң биримдикке салым кошкон болобуз. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) үммөт биримдигин мындайча айткан:

قال رسول الله ﷺ: "المُسْلِمُ أَخُو المُسْلِمِ لَا يَظْلِمُهُ ولا يَخْذُلُهُ ولا يَحْقِرُهُ" ،]. وتَعْني أَنَّ المُسْلِمُ لَا يَنْبَغِي أَنْ يَخْذُلَ أَخَاهُ المُسْلِمَ، أَيْ لَا يَتْرُكُهُ وَحْدَهُ فِي مَوْقِفٍ يَحْتَاجُ فِيهِ إِلى مُسَانَدَةٍ أَوْ مُسَاعَدَةٍ، بَلْ يَجِبُ عَلَيْهِ أَنْ يَقِفَ مَعَهُ[.

Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты: «Мусулман мусулманга бир тууган, ага зулум кылбайт, аны жардамсыз таштабайт жана аны кемситбейт». 

Саммиттин жүрүшүндө «Исламда үммөттүн биримдиги» тууралуу резолюциянын кабыл алынышы күтүлүүдө.

Ушул эле саамалыкка улай, ТМУга мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын төрагаларынын VI жыйынынын алдында «Сиражуддин ал-Оший жана анын ислам илимдерине кошкон салымы» атттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлмөкчү. 

Айта кетсек, эл аралык деңгээлдеги маанилүү бул иш-чара КР Президентинин колдоосу менен Кыргызстанда алгачкы жолу уюштурулууда.