Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 12.09.2025
  • |

Боордош өлкөлөрдүн муфтийлери көчөт отургузушту

Бүгүн, 12-сентябрь күнү ТМУга мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын төрагалары (муфтийлери) КМДБнын короосунда көчөт отургузушту. 

Жашылдандыруу иш-чарасы ордо калаада өтүп жаткан ТМУга мүчө өлкөлөрдүн Азирети Муфтийлеринин VI саммитинин алкагында уюштурулуп, символикалык мааниге ээ болду. Анткени аталган саммитте климаттын өзгөрүшүн токтотуу, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык маселелерди чечүү жөнүндөгү чакырык да камтылган болчу. 

Парник эффектиси себептүү глобалдык жылууланууга каршы туруу жана климатты коргоого багытталган символикалык иш-чарада арча көчөттөрү отургузулуп, ага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын башчысы, баш муфтий Ноорузбай ажы Таган уулу, Түркия Диянет иштери башкармалыгынын башчысы, проф., др. Али Эрбаш катышып, ааламдын амандыгы, дүйнөнүн тынчтыгы, үммөттүн биримдиги үчүн дуба кылышты.