Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрында КРЭАУда актуалдуу тема болгон «Экстремисттик уюмдардын тартуу ыкмалары жана аларды алдын алуу чаралары» аттуу боюнча конок лекция өткөрүлдү.
Лекцияда КМДБнын окуу бөлүмүнүн адиси Каныбек Баргыев «Тартуунун психологиялык механизмдери» темада баяндама жасады.
«Интернеттен маалымат алууда өтө этияттык кылуу зарыл. Интернет булагында ар кандай бизге сездирбей адаштырып кетчү маалыматтар бар, ошондуктан диний маалыматтарды муфтияттын сайтынан, муфтияттан тастыкталган китептерден, ишенимдүү устаз, имамдардан алуу зарыл. Алла Таала Нахл сүрөсүнүн 43-аятында: فاسالو أهل الذكر إن كنتم لا تعلمون, «билбесеңер билимдүүлөрдөн сурагыла» деп буйрук кылат», – деп белгиледи ал өз сөзүндө.
Мындан сырткары төмөнкү эксперттер чыгып сүйлөштү:
«Мамлекеттин укуктук чаралары жана билим берүү мекемелеринин ролу» (Кыргызбаев Н.)
«Маалымат мейкиндигинде каршы аракеттер» (Закиров Т.У.)
«Коопсуздук органдарынын ролу жана тартылуунун белгилери» (Карабаев М.Ж.)
Маалыматтык агартуу иш-чарасында эксперттер студенттерди сынчыл ой жүгүртүүнү сактоого, айлана-чөйрөнүн кескин өзгөрүшүнө же радикалдуу идеялардын агрессивдүү таңуулануусуна көңүл бурууга чакырышты.