«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Общество | 25.06.2026
  • |

Глобалдык фонддун 8-гранттык циклине өтүнмөсүн даярдоо боюнча республикалык диалог өттү

Бүгүн, 25-июнь күнү Бишкектеги «Hyatt Regency Bishkek» мейманканасынын «Шайыр» залында ВИЧ-инфекциясы, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун 8-гранттык циклинин алкагындагы өтүнмөнү талкуулоо боюнча республикалык диалогу өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин орун басары, КСӨК комитетинин төрайымы Г.С. Ишенапысованын төрайымдыгы алдында уюштурулуп, Кыргызстандын СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун (ГФСТМ) 2027–2029-жылдарга каралган 8-гранттык циклине (GC8) тапшыра турган өтүнмөсү талкууланды.

Иш-чара КСӨК комитетинин катчылыгы (ККК) тарабынан Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) колдоосу менен уюштурулду.

Диалогдун негизги максаттары:
•    Кыргыз Республикасынан берилүүчү гранттык өтүнмөнүн модулдары боюнча артыкчылыктуу багыттарды талкуулоо; 
•    Кыргызстандын гранттык өтүнмөсүнө киргизиле турган иш-чаралардын тизмесин макулдашуу; 
•    өтүнмөнү берүүдө жаралышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди азайтуу жана ГФСТМдин 8-гранттык циклин расмий кароого чейин кызыкдар тараптардын ортосундагы пикир келишпестиктерди жөнгө салуу. 

Диалогго Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү, тиешелүү министрликтердин жана грантты ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык донордук уюмдар, ошондой эле жарандык коомдун кеңири чөйрөдөгү өкүлдөрү; өкмөттүк эмес жана жаштар уюмдары, кесипкөй медициналык ассоциациялар чакырылды. Ал эми дин өкүлдөрүнөн КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси Иманбек Азизилла уулу баштаган диний кызматкерлер да катышып, маселенин күңгөй-тескейи боюнча талкууну угушту.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, КСӨК комитетинин төрайымы Гүлбара Ишенапысова Саламаттык сактоо министрлиги Глобалдык фонддун келечектеги грантынын (GC8) негизги алуучусу болууга даяр экенин жана бул функцияларды БУУнун Өнүктүрүү программасынан (ПРООН) этап-этабы менен өзүнө өткөрүп алууга даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар гранттык өтүнмөнүн учурдагы абалын, аны тапшыруу мөөнөттөрүн жана терезелерин, Глобалдык фонддун биргелешип каржылоо (софинансирование) жана мамлекеттик бюджетти көбөйтүү боюнча талаптарын талкуулашты. Мындан тышкары, ВИЧ жана кургак учук (КУ) багыттары, бюджет маселелери, ведомстволор аралык жана секторлор аралык өз ара аракеттенүү, ошондой эле эки багыт боюнча каржылык сереп жана PAAR маселелери каралды.

Өлкөлүк диалогдун жыйынтыгында келип түшкөн бардык сунуш-пикирлер эске алынып, резолюция кабыл алынды.