«Жакшылык – жүрөгүң тынчтык тапкан нерсе,
жамандык – жүрөгүң тынчсызданган нерсе» (Муслим)
Общество | 28.02.2026
  • |

Имамдардын айлыгы жана умра зыяратчыларынан алынган комиссия боюнча

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын ысымы менен баштаймын

Урматтуу мусулман бир туугандарым! Ардактуу мекендештерим! Үстүбүздөгү ыйык Рамазан айыңыздар маарек, кармаган орозоңуздар кабыл болсун.

2024-жылдын декабрь айында өткөн Элдик Курултайда журт башчыбыз Садыр Нургожоевич тарабынан имамдарды айлык акы менен камсыз кылуу боюнча тапшырма берилген. Биз диний башкармалык катары тапшырманы аткаруу алкагында көп ойлондук. Биздин өлкө светтик түзүлүш болгондуктан, мамлекеттик бюджеттен имамдар үчүн каражат бөлүнүшү мүмкүн эмес болчу. Ошол эле учурда сырттан грант дагы издеп көрдүк. Бирок бир нече факторлор себептүү, кайрадан өз мүмкүнчүлүгүбүзгө кайрылалы деп белсендик. 

Акыйкатта илгертен эле молдолорду элибиз багып келгени маалым. Бул жолу дагы элибиз молдолорду камсыздап кетерине ишеним арттык. Бирок кандай механизм иштеп чыгуу керек эле? Кайсы булактан камыздоого мүмкүн эле? Иши кылып кандай болбосун, молдолорду айлык акы менен камсыздоо зарыл болчу. Өзгөргөн дүйнө шартында молдолорго жетиштүү айлык каражатын таап беришибиз керек эле... 

Биз райондорго иш сапар менен тез-тез чыгып, дин кызматкерлери менен жеринде жолугушууларды өткөрүп жүрөбүз. Бишкек жана Ош шаарын эске албаганда, көпчүлүк аймактардагы дин кызматкерлеринин улгайган имамдар экенине күбө болуудабыз. Алла Таала алардан ыраазы болсун. Алар 1 сом айлык албай, дин мээнетин өчүрбөй, өмүр бою элге диний кызмат сиңирип келишти, келе жатышат. Кудайым аларга узун жана берекелүү өмүр насип кылсын, бирок 10-15 жылдан кийин аксакал имамдарыбыз имамдык кыла албай калат да. Мындай шартта элибиздин, өзгөчө алыскы айыл тургундарынын абалы кандай болот? Элдин диний жашоосу эмне болот? Улгайган имамдардын ордун ким басат? Канткенде жогорку диний билимдүү кадрларды айылдардагы мечитке тарта алабыз? Барган сайын күчөгөн билимсиздик, тайкы түшүнүктөр, сабырсыздык, агресси, зордук-зомбулуктар, ысырапкорчулуктар менен билимдүү кадрлар күрөшпөсө, акыбети эмне болот? Динди жамынган ар кандай агымдар жана секталар күчөп, эл арасына бүлгүн салса кантебиз? Күн сайын өнүгүп бара жаткан илимий технологиялык жетишкендиктер, ааламдашуунун терс эпкини, жасалма интеллекттин «жасалма» фатвалары, исламга жана наркка жат ар кандай окуулар, түшүнүктөр, бурмаланган диндер жана багыттар калкыбыздын башын айлантып, ыркын кетирип, миң жылдар бою мусулман болгон элибиздин ыйманына шек келтирсе эмне болот? Жаштарыбыз ар кандай бөтөн диндерге же динсиздикке кирип, же болбосо ыйман нурунан куржалак калса эмне болот? Мына ушунун баарын назарга тутуп, кандай болбосун диний кызматкерлерди айлык акы менен камсыз кылуу кечиктирилгис шарт болду.

Эгерде биз жаш, билимдүү, энергиялуу кадрларды мечиттерге тарта алсак, алар динибизге күйүп-жанып иштеп, элибизге ак кызмат кылмак! Алар жаштарды адеп-ахлакка тарбиялап, диний тайкы түшүнүктөр, ар кандай зомбулуктар, ысырап сыяктуу терс көрүнүштөр менен жемиштүү жана жеңиштүү күрөшмөк. Элге диний кызмат көрсөтүү жакшырып, биримдик жана ынтымак үчүн зор мээнеттер жасалмак. Бала төрөлгөндө кулагына азан айтып ысым ыйгарган, үйлөнгөндө ак никесин кыйган жана акыретке узагандардын сөөгүн туура жууп, туура кепиндеп, жаназасын туура окуп узаткан билимдүү жаш кадрлар керек. Бүгүн болбосо да эртеңкиге абдан керек. Бирок аларды кантип элет жергесинде кармап кала алабыз? Эгерде аларды жакшы айлык менен камсыздай албасак, алар кантип элет жерлеринде кызмат кылат? Мына, 2 айдан бери кадрлар резервине ачык конкурс жүргүзүп жатабыз. Бирок аз гана талапкер кайрылды. Деген менен жыл сайын 5000 дей кадр медреседен бүтүрүүчү чыгат? Алар каякта? Алар эмнеге документ тапшырган жок? Себеби кайсы? 

Албетте, жаш имамга жетиштүү айлык акы болбосо, ал эмнеге элетке барсын? Ал кантип тиричилик өткөрүп, кантип бала-чака баксын? Аларга коом катары, эл катары социалдык шарт түзүп бербесек, жогоруда айтылган көйгөйлөр менен кантип күрөшсүн? Албетте, кээ бир айыл тургундары өз имамдарын камсыздап, барктап алууда. Бирок сөз жалпы имамдар жөнүндө болгондо, абал өзгөрүп калууда. Эмне болгон күндө да имамдарды жакшы айлык акы менен камсыздоо башкы планыбыз болуп кала берди.   

Ошентип жамаатыбыз менен кеңешип, умра зыяратына аттангандардан комиссия алсакпы деген бүтүмгө келдик. Анткени элибизди ыйманга сүйрөгөндөр дал ошол имамдар эмеспи? Калкыбызга ажылык жана умра боюнча маалымат берип, диний ибадаттык спарларга кызыктырган так ошол имамдар эмеспи? Ажылыктын жана умранын шариятын, талаптарын, эрежелерин жеткиргендер ошол имамдар эмеспи? Намазга имамчылыкка өтүп, хутпа айтып, коомго исламий кызматын өтөп, диний муктаждыгын чечкендер ошол имамдар эмеспи? Элге, өзгөчө жаштарга «Алиф» тамгасын үйрөтүп, «Алхамдуну» жаттаткандар ошол имамдар эмеспи?.. 

Умра диний ибадат болгондуктан, анын нарктамасынан 9 пайыз комиссия алууну туура көрдүк. Бул боюнча сунушту Аалымдар Кеңешине жолдоп, шариятка шайкеш келер-келбесин сурап тактадык. Бүгүнкү күндө муфтиятта жана Аалымдар Кеңешинде коомдун эң алдыңкы аалымдары олтурат. Эгер 8-9 пайыз алуу бирөөлөр жалаа жапкандай арам иш болгондо, аалымдар эң башында эле четке какмак. Анткени ал жерде Алладан эң көп корккон такыбаа аалымдар кызмат кылат. Бул биринчиси.

Экинчиден, мыйзам боюнча да ажылыкты жана умраны уюштуруу укугу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгына берилген. Демек, муфтият катары алгач умраны тартипке салуу керек болду. Умра боюнча алектенген ондогон фирмаларды аккредитациядан өткөрүп, аларга умра зыяратын шариятка ылайык өткөрүү талабын коюудабыз. Ошондой эле диний билимдүү кишилер умра башчы болушу керектигин талап кылып жатабыз. Анткени буга чейин умранын шарияттык мааниси жоголуп, жөн гана туризм же жыргал коштолгон кызыктуу сапар сыяктуу боло баштаган. Ар кандай адамдар ыйык сапарга жетектеип барып, бир катар шаръий нормалар тебелене баштаган. Айталы, махрам маселеси, мийкат чектери ж.б. Ошентип умра ибадатын тартипке салып, умрага барган зыяратчылардын укугун алдыга сүрөдүк. Ушул жана жогоруда айтылган жана айтылбай калып кеткен кызматтар үчүн 9 пайыз үлүштү имамдардын айлыгы үчүн ала турган болдук. Албетте, бул үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардан уруксат алынган, мыйзамга шайкеш келтирилген. 

Умра зыяратына аттанган жарандардан алынчу акчалай каражат түздөн-түз имамдардын айлыгына которулат. Ушул берекелүү Рамазан айынан тарта имамдардын айлыгы дээрлик эсе көтөрүлүүдө. Тактап айтканда, буга чейин 8 миң сом стипендия алып келгендер эми 15 миң сомдон алышат. Бул да болсо умрага барган жарандарыбыздын эсебинен болууда. Бул боюнча муфтияттын бухгалтери ар бир тыйынына чейин отчет берет.

Кадырман журтчулук! Коомубуздагы кээ бир жарандар ар кандай такталбаган маалыматтарды таратып, фитна салууда. Аларга маани бербейли. Алла Таала Куран Каримде: 
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِن جَاءَكُمْ فَاسِقٌ بِنَبَإٍ فَتَبَيَّنُوا أَن تُصِيبُوا قَوْمًا بِجَهَالَةٍ فَتُصْبِحُوا عَلَىٰ مَا فَعَلْتُمْ نَادِمِينَ
«Оо, ыйман келтиргендер! Эгерде бир фасык силерге кабар алып келсе, анын чын-бышыгын тактагыла. Болбосо билбестен кайсы бир коомго зыян келтирип, кийин кылганыңарга өкүнүп каласыңар». 
(Хужурат 49/6)
– деп эскерткен. Андыктан ар кандай ушак-тешектерге, провокациялык маалыматтарга ишенбеңиздер. Жалпыбыз бир тилекте, бир билекте имамдарыбызды колдоп, сүйөп алалы! 

Ассаламу алейкум ва рохматуллохи ва барокатуху!    


Урматтоо менен,

Кыргызстан мусулмандарынын 
Азирети Муфтийи                                                 Абдулазиз кары Закиров