«Оо, ыйман келтиргендер, Аллахтан сабыр жана намаз менен жардам сурагыла. Алла Таала албетте, сабыр кылгандар менен бирге болот” (Бакара, 153)
Общество | 29.01.2026
  • |

Карыларга кулак кагыш!

Жарыя! 

2026-жылдын 10-февраль күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын уюштуруусу, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын демилгеси менен Бишкек шаары жана Чүй облусундагы карылар (мырзалар) арасында “Жаштар экстремизмге каршы” аталышында Куран жарышы уюштурулат.

Конкурстун максаты:
Экстремизмдин алдын алуу 
Мекенге болгон сүйүү
Ислам баалуулуктарын даңазалоо; Ыйык Куранды сүйдүрүү;
Куранды тажвид эрежелери менен жаттоого үндөө жана жаш карыларды шыктандыруу.

Программа:
10-Февраль, саат 10:00 дө Куран жарышы башталат.
11-февраль күнү сыйлоо аземи өтөт.

Категориялар:
1. Курандын толук 30 парасын тажвиди менен жатка билгендер арасында;
2. Курандын 20 парасын тажвид эрежелери менен жатка билгендер арасында;
3. Курандын 10 парасын тажвид эрежелери менен жатка билгендер арасында жатка айтуу боюнча уюштурулат.

Дареги: Бишкек шаары, Гоголь көчөсү № 55. Кимсанбай ажы атындагы борбордук мечити

Кошумча маалымат:
1. Катталуу 9-февраль, саат 12:00 гө чейин (катталбагандар катыша албайт)
2. 25 жашка чейинки уландар катыша алат
3. Форма (ак калпак, ак көйнөк)

Эскертүү: Буга чейин республикалык жана эл аралык Куран жарыштарында 30, 20, 10 парадан 1-2-орунду ээлеген карылар жогорку конкурска катыша албайт. (Мурда 10 парадан орун алгандар 20 жана 30 парага, ал эми 20 парадан орун алгандар 30 парага катыша алат. Ошондой эле иретсиз жаттагандар, мисалы Курандын баш жагынан 5, соңку бөлүгүнөн 5 пара жат билгендер катыштырылбайт).

Байланыш үчүн: +996 777171929, +996 555421552