Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Акыркы күндөрү коомчулукта чоң резонанс жараткан «келинин зордуктаган» деген каргашалуу окуя боюнча Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы өзүнүн терең тынчсыздануусун билдирет.
Кабыл алынгыс бул жосун Ислам динине да, кыргыз элинин нарк-насилине да каршы келет. Улуу Ислам дини ак никеден куралган үй-бүлөнү, анын ар-намысын жана ыйыктыгын коргоого алат. Динибизде жана улуттук баалуулуктарда ата-эне, уул-кыз, кайната-кайнене, күйөө бала менен келиндин орду так белгиленген. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда сый-урмат, мээрим жана белгилүү деңгээлдеги аралык сакталууга тийиш.
Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндө айрым учурларда үй-бүлөлүк баалуулуктар солгундап, чоң трагедияларга алып келүүдө. Коомчулукту дүрбөлөңгө салган бул окуя ислам жана нарк менен бекемделген үй-бүлө түшүнүгүнө каршы келет.
Ошону менен бирге, айрым интернет колдонуучулар шектүүнү "молдо" катары көрсөтүп, жалган маалымат таратууда. Кыргызстандын мусулмандарынын Дин башкармалыгы так билдирет: шектүү эч кандай диний кызматкер эмес. “Молдо экен” деген ушактар чындыкка дал келбейт. Коомчулукту такталбаган маалыматты бөлүшпөөгө жана дин кызматкерлеринин аброюна шек келтирбөөгө чакырабыз.
Аллах Таала ыйык Куранда мындай деп эскерткен:
«Эй, момундар! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү отуну адамдар менен таштар болгон тозоктон сактагыла» (Тахрим сүрөсү, 6-аят).
Ошондой эле Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) айткан хадисте:
«Силердин эң жакшыңар – өзүнүн үй-бүлөсүнө жакшы мамиле кылган адам. Ал эми мен үй-бүлөмө эң жакшы мамиле кылам» – деп баяндаган.
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы бул каргашалуу окуяга байланыштуу шектүүнүн мыйзам алдында жоопко тартылышын колдойт жана коомчулукту үй-бүлөлүк ыйыктыкты сактоого, урмат-сый жана мээримди бекемдөөгө чакырат.
(Башкы бетте: Иллюстрациялык сүрөт)