"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Общество | 07.04.2026
  • |

Кемин, Чүй жана Токмок имамдары үчүн 3 күндүк акыйда семинары старт алды

Бүгүн, 7-апрелде Азирети Муфтийдин Чүй облусундагы өкүлү Сулумбек ажы Узеналиевдин демилгеси менен уюштурулган Токмок шаары жана Кемин, Чүй райондорундагы имамдар үчүн 3 күндүк окуу-семинар өз ишин баштады. Семинардын негизги максаты — салттуу ислам түшүнүгүн бекемдөө жана Матуриди акыйдасынын негиздерин тереңдетип жеткирүү. Иш-чарага аймактагы имамдар активдүү катышып, диний билимдерин бышыкташты.

Семинардын алкагында төмөндөгү тажрыйбалуу устаздар тарабынан мазмундуу сабактар өтүлүүдө: 

•    Мирзат ажы Барпыбеков, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү;
•    Акылбек ажы Тагаев, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жарандарды диний маалымат менен камсыздоо (фатва) бөлүмүн адиси;
•    Нуркамал кары Мизираимов, Шабдан-Ата окуу борборунун жетекчиси.

Сабактар ислам динин ишеним негиздерин туура жайылтуу, коомдогу диний сабаттуулукту жогорулатуу жана биримдикти бекемдөөнү негиз алат.

Үч күнгө созула турган бул семинар имамдардын билим деңгээлин жогорулатууга жана элге туура багыт берүүдө жоопкерчилигин арттырууга чоң салым кошору күтүлүүдө. 

Мындай иш-чаралар коомдо ынтымакты, руханий баалуулуктарды жана салттуу ислам жолун сактоодо өзгөчө мааниге ээ.

Айта кетсек, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасы менен жер-жердерде дин кызматкерлеринин квалификациялык билимин жогорулатууга багытталган окуу семинарлары өткөрүлүп жатат.