«Оо, ыйман келтиргендер, Аллахтан сабыр жана намаз менен жардам сурагыла. Алла Таала албетте, сабыр кылгандар менен бирге болот” (Бакара, 153)
2026-жылдын 1-февраль күнү Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кожомкул айылында “Абакир уулу Төрө ажы” атындагы мечиттин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул маанилүү иш-чарага айыл тургундары, аксакалдар, дин кызматкерлери жана коноктор катышты.
Мечиттин ачылышына жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн сырткары КИУ ректору, АК мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматов, Азирети Муфтийдин Бишкектеги өкүлүнүн милдетин аткаруучу Шакир ажы Маматов, Азирети Муфтийдин Чүйдөгү өкүлү Сулумбек ажы Узеналиев, демөөрчү Асанбек Төрөев, мечитке жерин берген Гульнара Кадырова жана айыл тургундары катышты.
Азем Куран окуу менен башталып, андан соң мечиттин курулушуна салым кошкон жарандарга жана демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирилди. Сөз сүйлөгөндөр мечит элдин руханий тарбиясын чыңдоодо, жаштарды адеп-ахлакка үндөөдө чоң роль ойной турганын белгилешти.
«Абакир уулу Төрө ажы» атындагы мечит заманбап талаптарга жооп берип, жамаат менен намаз окууга, диний сабактарды өткөрүүгө бардык шарттар менен камсыздалган. Мечит айыл эли үчүн биримдиктин, ыймандын жана ынтымактын ордосу болоруна ишеним артылды.
Иш-чара соңунда катышуучулар үчүн бата берилип, жалпы жамаат менен дуба кылынды.