«Орозо кармагыла да, (жан дүйнөңөрдү да, ден-соолугуңарды да) чыңдагыла! (Хайсами 3/179)
Общество | 07.03.2026
  • |

Кыргыз жарандарынын коопсуздугу жана умра зыяраты боюнча кеңири форматтагы жыйын өттү

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин катчысы, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик, Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация мамлекеттик кызматы, авиакомпаниялар жана туристтик компаниялардын катышуусунда кеңири форматта жыйын өткөрүлдү.

Жыйынды Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров ачып, ал туризм тармагындагы компанияларга муфтият менен биргеликте жүргүзгөн иш-аракеттери үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Муну менен, төрт жарым миңден ашуун имам айлык- стипендия менен камсыздалганын белгилеп, учурда дүйнөдө болуп жаткан кырдаалды, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн кооптуу жагдайларды эске салды жана катышуучуларды бири-бирине көмөктөшүп, ынтымакта иш алып барууга чакырды.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдар тарабынан көрүлүп жаткан ыкчам чаралар тууралуу маалымат берилди. Кырдаал жөнгө салынганга чейин Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугу биринчи кезекте камсыздалышы зарылдыгы белгиленди. Авиакомпаниялар жана туристтик фирмалардын бул иштеги ролу өзгөчө маанилүү экени баса белгиленди. 

Ошондой эле, Сауд Араб Падышалыгына сапар алган кыргыз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана өзгөчө Умра зыяратын өтөө үчүн барып калып кеткен жарандарды Мекенге кайтаруу маселелери талкууланды.

Жыйындын соңунда төмөнкү тапшырмалар берилди:
•  Абал турукташканга чейин Кыргыз Республикасынын жарандарынын Умра сапарына баруусуна убактылуу чектөө киргизүү; 
•  Туристтик компанияларга жана авиакомпанияларга кырдаал турукташканга чейин Умрага барбоону сунуштоо.

Учурдагы абалга жараша ыңгайлуу аба жолдору менен «Жазира», «Флайнас», «Эйр Арабия» жана башка авиакомпаниялар аркылуу токтоп калган рейстерди кайра жандандыруу аракеттери башталды.