Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 20.07.2025
  • |

Лейлек: Азирети Муфтий ардактуу дин кызматкери Эгемберди атаны зыярат кылды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Баткен облусунун Лейлек районуна жасаган иш-сапарынын алкагында Тогуз-Булак айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын жашоочусу, ардактуу эс алуудагы дин кызматкери, 87 жаштагы Ажибаев Эгемберди атаны зыярат кылып, андан эл-журт жана Мекен үчүн бата алды.

Азирети Муфтий зыяратынын алкагында өтө оор кезеңде кызмат кылган аталардын эмгегин кыскача эскерип, бүгүнкү күндөгү дин эркиндиги камсыздалган жакшы замандын келишине улуу муун аалымдарынын тынымсыз агартуу иштери, эр жүрөк кадамдары жана эң негизгиси күнү-түнү кылган дубалары зор салым болгонун белгиледи. Ал ошондой эле улуу муун аалымдары ар убак сый-урматка татыктуу экенин, алар өз озйупаларын колдон келишинче татыктуу аткарганын, алардан мурас катары өткөрүлүп жаткан дин иштери абдан оор жоопкерчилик экенин айтып өттү.

Айта кетсек, Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл айылынын жашоочусу Эгемберди Ажибаев өз айылында 20 жылдан ашуун имам болуп кызмат кылган. Үжүрө тартибинде диний сабаты ачылган ал Маасалиев Абдималик дамладан сабак алган. «Мухтасар Викояны» жатка билген ардактуу имам ханафи мазхабындагы салмактуу китептерди бир канча жолу окуган. Эгемберди ата сыркоолоп жаткандыктан, Азирети Муфтий шыпаа тиледи.