Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун Баткен облусунун Лейлек районуна болгон иш сапарынын алкагында муктаж диний кызматкерлерге жана бир катар социалдык аз камсыз жарандарга кайрымдуулук жасалды.
Иш-чара Раззаков шаарындагы «Абу Бакир Сыддык» жума мечитинде имамдарга багытталган жыйындын экинчи бөлүгүндө уюштурулду.
Алдын ала такталган тизме боюнча исламиятка кызмат кылган аз камсыз диний кызматкерлерге жана райондогу муктаж жарандарга акчалай жардам көрсөтүлдү.
Азирети Муфтий социалдык жактан аз камсыз диний кызматкерлерге көңүл буруларын, келечекте имамдардын социалдык абалын жакшыртууга багытталган олуттуу пландар бар экенин, анын механизмдерине кыскача токтолуп, имамдарды айлык акы менен камсыздоо Муфтияттын алдыдагы эң негизги мүдөөлөрүнүн бири экенин билдирди.
Айта кетсек, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров учурда иш сапары менен Баткен облусунда жүрөт.