«Жакшылык – жүрөгүң тынчтык тапкан нерсе, жамандык – жүрөгүң тынчсызданган нерсе» (Муслим)
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналган Куран жарышы уюштурулат. Куран конкурстун максаты жаштар арасында Куранга болгон кызыгууну арттыруу жана аларды шыктандыруу болуп эсептелет.
Республикалык Куран жарыш 2026-жылдын 1-2-апрель күндөрү Жалал-Абад облусунун Манас шаарында өткөрүлөт.
Жарыштын критерийлери жана катышуу шарттары төмөндөгүдөй:
1) Критерийлер:
− Курандын толук 30 парасын тажвид эрежеси менен жатка билүү;
− Курандын 20 парасын тажвид эрежеси менен жатка билүү;
− Курандын 10 парасын тажвид эрежеси менен жатка билүү.
2) Талаптар:
− Катышуучу Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш;
− Катышуучунун жаш курагы 35 жаштан ашпашы керек;
− Эл аралык жарыштарда байгелүү орундарды алгандар жарышка катыша
албайт;
− Жарышка катталгандан кийин сынактан баш тартууга болбойт;
− Кечигип келген катышуучулар жарышка киргизилбейт.
3) Кошумча маалыматтар:
− КМДБнын облустук жана шаардык өкүлчүлүктөрү
тарабынан 2026-жылдын 27-мартына чейин аймактык тандоо
турлары өткөрүлөт.
− Тандоо турунун жыйынтыгында 30, 20 жана 10 пара номинациялары
боюнча 1-орунду алган катышуучулар республикалык финалга
жолдомо алышат.
Ал эми 2-апрелде жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өткөрүлөт.
Кошумча маалымат үчүн: 0755031031