Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Нарын облусунун Нарын шаарында «Жакыпбек ата» атындагы мечит курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди. Салтанаттуу аземге КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев, Азирети Муфтийдин орун басары Талантбек ажы Темирбаев, облус казысы Эрик ажы Молдокулов баштаган диний аалымдар, АК мүчөлөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана калаа тургундары катышты.
Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында «ыйман ордосунун» ачылышына катышкан УКМК жетекчиси куттук сөзүн сүйлөп, жакшылыктарды каалап өттү.
Ал эми Талантбек ажы Темирбаев жергиликтүү тургундарга Азирети Муфтийдин дубай саламын жеткирип, мечитти кургандарга КМДБнын Алкыш баракчаларын тапшырды.
Айта кетсек, «Жакыпбек ата» деп аталган жаңы мечит 3 кабаттан туруп, мамлекеттик эсептик каттоодон өткөн. Анда аялдар бөлүмү, сөөк жуучу жайы, эмеректер менен камсыздалган үжүрөлөрү, дааратканасы жана заманбап шарттар менен жабдылган ашканасы бар. Аянты 524 м2 түзөт.