Анас ибн Малик (р.а.) мындай риваят кылат: “Аллахтын Элчиси Пайгамбарыбызﷺ Меккеден Мадинага хижрат кылып келгенде, Мадина элинин майрамдай турган эки күнү бар эле. Аллахтын Элчисиﷺ: “Бул эмне болгон күн?” – деп сураганда, алар: “Жахилият доорунда ушул эки күндү майрамдачу элек”, – деп жооп беришет. Ошондо Аллахтын Элчисиﷺ: “Бул эки күндү (таштагыла). Аллах силерге андан да жакшы болгон Курман айт менен Орозо айтты майрам кылып берди” – деди”.
Абу Дауд:1134
баарын көрүү
Общество | 13.06.2025
  • |

Ош эл аралык аэропортуна ажылардын алгачкы тобу келип конду

Бүгүн, 13-июнда Ош эл аралык аэропортуна ажылыктан кайтып келген зыяратчылардын алгачкы тобу аман-эсен келип конду.

Ажыларды тосуп алуу иш-чарасы уюштурулуп, ага Ош шаардык мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев жана Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев катышты.