Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 19.11.2025
  • |

Ош шаарында мечит имамдарынын квалификациясын жогорулатуу максатында окутуу иш-чарасы өттү

Кечээ, 18-ноябрь күнү Ош шаарындагы «Салахиддин Эшан» атындагы ислам институтунда Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан бекитилген мечит имамдары үчүн квалификацияны жогорулатуу программасынын алкагында калаадагы мечит имамдарына арналган окутуу иш-чарасы болуп өттү.

Саамалыкка КМДБнын мечиттер боюнча адиси Мураталы кары Мамадияр уулу, Муфтияттын Ош шаарындагы өкүлүнүн орун басары Акжол ажы Бакиров, “Имам Сарахсий” борбордук мечитинин имам-хатиби Абдулла кары Акбарали уулу, Бишкек шаарындагы Куран академиясынын мүдүрү Насрула кары Искендеров катышып, Курандын тажвидинин мааниси, имамдын коомдогу орду, жалпы дин кызматкерлеринин билүүгө тийиш болгон Куран аяттары жөнүндөгү окутуулар боюнча маалыматтарды беришти.

Иш-чаранын негизги максаты — имамдардын Куран окуу жөндөмүн өркүндөтүү, Куран илимдери боюнча билим деңгээлин жогорулатуу жана учурдагы коомдук муктаждыктарга жараша диний кызматкерлердин потенциалын күчөтүү болду.

Окутуу программасында заманбап ыкмаларды колдонуу, алдыда болуучу Куран сабактарында өзгөчө методдорго көңүл буруу каралды. Ошондой эле мечит имамдарынын эл менен тыгыз иш алып баруусунда Куранды тажвид эрежелери менен окуунун маанилүүгү боюнча да кеңири түшүндүрмөлөр берилди.