Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 22.09.2025
  • |

Ошто аалымдардын катышуусунда мавлид белгиленди

Кечээ, 21-сентябрь күнү Ош шаарындагы «Сулайман Тоо» мечитинде Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (с.а.в.) туулган күнүнө арналган мавлид майрамы белгиленди.

Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Абдыманап кары Масалиев баштаган АК мүчөлөрү, Ош шаардык мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев баштаган казыяттын эмгек жамааты, Ош облусунун казысы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган казыят кызматкерлери, калаадагы белгилүү аалымдар, Ош шаарындагы диний окуу жайлардын жетекчилери, Ош шаары жана Ош облусуна караштуу мечиттердин имамдары, орун басарлары жана жалпы эле дин кызматкерлери катышты.

Саамалыкта лекторлор тарабынан пайгамбарыбыздын (с.а.в.) өрнөктүү өмүр жолдору, элчилик милдеттери, мавлиддин ислам шариятындагы орду жана үммөтү үчүн калтырылган баа жеткис эмгек-мээнеттери айтылды. Ошондой эле пайгамбарыбызга (с.а.в.) болгон сүйүү илгертеден эле белгиленип келери баса белгиленип, андан соң калаадагы белгилүү карылар мавлид окушту.

Иш-чара соңунда Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Абдыманап кары Масалиев мавлиддин кыргызча маанилерин түшүндүрүп берди. Жыйынтыгында жалпы катышкандар элибиздин амандыгын, мамлекетибиздин биримдигин тилеп, дуба кылышты.