“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Общество | 20.07.2026
  • |

Өзгөндө "Абдулла ажы Асыранкулов" атындагы медресенин ачылыш аземи өткөрүлдү

18-июль күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда "Абдулла ажы Асыранкулов" атындагы медресенин имараты толук бүткөрүлүп, ачылыш аземи өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Шакир ажы Маматов, Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Абдиманап кары Масалиев, Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү Молдо Калилиддин ажы Исаков, Марс ажы Ибраев жана Анасхан ажы Ташхуджаев, Азирети Муфтийдин Ош облусундагы өкүлү Султанали ажы Гапуров, Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев, КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чаранын алкагында медресени куруу демилгесин көтөрүп, уюштуруу иштеринин башында турган Аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдулла ажы Асыранкуловго элдин ынтымагын бекемдөө менен диний баалуулуктарды жеткирүүдө талыкпай эмгектенип келе жаткандыгы жана диний чөйрөдөгү көп жылдык эмгегиин эске алуу менен КМДБнын "Насыйкат" ордени тапшырылган болсо, жергиликтүү активисттер тарабынан "Эл сыйлыгынын ээси" ордени да тапшырылды.

Ошондой эле, курулуш иштеринде талыкпай эмгектенген жана демөөрчүлүк кылган жарандарга КМДБнын, Аалымдар кеңешинин, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жана айыл өкмөттүн ыраазычылык баракчалары тапшырылды.