«Оо, ыйман келтиргендер, Аллахтан сабыр жана намаз менен жардам сурагыла. Алла Таала албетте, сабыр кылгандар менен бирге болот” (Бакара, 153)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин Таластагы өкүлүнүн милдетин аткарып келген Узеналиев Сулумбек Дилдебекович ротациялык жол менен муфтийдин Чүй облусундагы өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров кол койду.
Жаңы дайындалган өкүлдү Азирети Муфтийдин орун басары Шүкүр ажы Исмаилов жамаатка тааныштырып, иштерине ийгиликтерди каалады. Ал эми өкүлдүн мурдагы милдетин аткаруучу Абдул-Азиз ажы Чыныбеков Сокулук районунун баш имам-хатиби болуп дайындалды.
Бул дайындоолор Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында ишке ашып, диний тармактагы башкарууну өркүндөтүү, аймактардагы диний ишмердүүлүктү жандандыруу жана тажрыйбалуу кадрларды натыйжалуу пайдалануу максатында жүргүзүлүүдө.
Жаңы дайындалган Азирети Муфтийдин өкүлү Чүй облусундагы диний мекемелердин ишин уюштуруу, имамдар менен иштөө, диний сабаттуулукту жогорулатуу жана коомдо ынтымакты бекемдөө багытында иштерди улантарын билдирди.
Узеналиев Сулумбек Дилдебекович боюнча маалымат:
Туулган жери: Талас облусу, Бакай-Ата району, Кызыл-Октябрь айылы
Туулган датасы: 29.05.1977-ж.
Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү, эки уул, бир кыздын атасы
Билими:
1984-1994-ж.ж. Кызыл-Октябрь орто мектеби, Талас облусу
1994-1997-ж.ж. “Али ибн Абу Толиб” медресеси, Талас облусу
1997- 2001-ж.ж. Расул Акрам ислам институту, шарият факултети, Бишкек шаары.
2001-2004-жж Расул Акрам ислам институту;
2012-2014 ж.ж. Магистратура, БГУнун чыгыш таануу факултети;
2019-2023-ж.ж. Аспирантура, И Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети.
Эмгек жолу:
2004-2021-ж.ж. Кыргызстан Ислам университетинде мугалим;
2011-2021-ж.ж. ЖК намазканасында имам;
2021-ж Аалымдар Кеңешинин мүчөсү;
2021-жылдан тарта Азирети Муфтийдин Талас облусундагы өкүлү.
Алган сыйлыктары:
2006-ж. КИУнун Ыраазычылык баракчасы;
2009-ж. КМДБнын Ыраазычылык баракчасы;
2014-ж. КМДБнын Ардак грамотасы;
2015-ж. Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясынын Ыраазычылык баракчасы;
2016-ж. Кыргызстан Ислам университетинин «Мыкты мугалими»;
2018-ж. Кыргызстан Ислам университетинин Ардак грамотасы;
2020-ж. Жогорку Кеңештин Ыраазычылык баракчасы;
2022-ж. Бакай-Ата районунун «Ардактуу атуулу»;
2023-ж. Талас шаардык мэриясынын Ардак грамотасы;
2023-ж. Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы;
2023-ж. Талас ОИИБинин Ардак грамотасы;
2023-ж. КМДБнын Ардак грамотасы,
2024-ж. Талас облусунун «Ардактуу атуулу»;
2025-ж. КР ИИМдин “Кыргыз милициясына100 жыл” юбилейлик медалы;