Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 16-сентябрь күнү Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Кыргызстан Аксакалдар кеңешинин төрагасы Өмүрбек ажы Үмөталиев жана дин ишмери, жазуучу Жунус ажы Абдинаби уулу менен жолугушту. Жолугушууда басмага даярдалып жаткан Жунус ажыга таандык «Сахабалардын жолун уланткандар» аттуу китеп тааныштырылды.
Китепке сахабалар, табийндер, табаи-табийндер, ошондой эле Фергана өрөөнүндө жетилген үлкөн аалымдар, алардын өрнөктүү өмүр жолдору камтылганын Абдинаби уулу маалымдады.
«Жашы 90 го таяп калса да, колунан калеми түшпөй, динге кызмат кылып келген ажы атабыз көпчүлүккө үлгү. Буга чейин да далай эмгектерин жазып, элге арнап келген Жунус ажыкебиз бу саам бир топ изилденип, архивдерди аңтарып, салмактуу эмгекти жазып, басмага даярдап олтурат. Кудайым кылган кызматтарыңызды өз даргөйүндө кабыл кылсын», – деди Азирети Муфтий аксакалдарды кабыл алуусунда.
Айта кетсек, жолугушууга дин ишмери, АК мүчөсү жана Азирети Муфтийдин кеңешчиси Дүйшөн ажы Отонбай уулу, Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Шакир ажы Маматов, Сайдилла Жунус уулу катышты.