Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 12.11.2025
  • |

Саудия: Жидда шаарында Ажылык конференциясы жана көргөзмөсү уланууда

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Сауд Араб Падышалыгынын (САП) Жидда шаарында өткөн Ажылык конференциясына жана көргөзмөсүнө катышууда. Иш-чараны САПтын Ажылык жана умра министрлиги 2026-жылдагы ажылык сапарына алдын ала даярдыктарды талкуулоо жана уюштуруу максатында өткөрүп жатат.

Көргөзмө алкагында 2026-жылдагы ажылык иштерин уюштуруу боюнча келишимге кол коюлуп, ажылык процессин натыйжалуу жана ыңгайлуу жүргүзүүгө багытталган бир катар техникалык жана логистикалык маселелер каралды.
Курбандык темасындагы эл аралык талкуу: Сапардын жүрүшүндө Азирети Муфтий Мекке Аль-Мукаррама шаары жана Ыйык өрөөндөр боюнча Падышалык мекемеси уюштурган “Курбандык жана ага байланыштуу маселелер” темасындагы маалыматтык сессияга катышты.

Бул талкууга дүйнөнүн булуң-бурчунан келген ондогон дин министрлери, муфтийлер жана ажылык штаб жетекчилери катышты. Уюштуруучулар “Адаахий” (курбандык чалуу) долбоорунун иштөө тартибин тааныштырып, бардык өлкөлөрдүн ажылык штабдары өз ажыларынын курбандыктарын расмий “Адаахий” долбоору аркылуу гана чалуу зарылдыгын белгилешти.

Бул мамлекеттик долбоор курбандык малды союу, анын этин Сауд Араб Падышалыгындагы муктаждарга бөлүштүрүү жана дүйнөнүн 25тен ашык өлкөсүнө жеткирүү кызматын аткарат.

Азирети Муфтийдин суроолору жана уюштуруучулардын жооптору: Жыйындын жүрүшүндө Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров уюштуруучуларга бир катар практикалык суроолорду узатты. Алардын бири — Муфтият “Адаахий” долбоору менен өзүнчө келишим түзүшү керекпи же курбандыктын акчасын “Нусук Масар” платформасы аркылуу төлөө жетиштүүбү деген суроо болду.

Уюштуруучулардын жообуна ылайык, Муфтиятка эки жол тең ачык: кааласа “Адаахий” долбоору менен өзүнчө келишим түзүүгө, кааласа “Нусук Масар” платформасы аркылуу онлайн төлөм жүргүзүүгө болот.
Азирети Муфтий көтөргөн дагы бир маселе — кыргызстандык ажылар үчүн курбандык эттин бир бөлүгүн алып, ажылык мезгилинде тамак бышыруу мүмкүнчүлүгү тууралуу болду. Бул боюнча уюштуруучулар мындай мүмкүнчүлүк бар экенин тастыкташты.

Нусук Масар платформасы – курбандык төлөмдөрдүн бирдиктүү системасы: Белгилей кетсек, буга чейин чет өлкөлүк ажылар курбандык мал союуну жеке компаниялар аркылуу жүргүзүп келишкен. Бирок ушул жылдан тартып Сауд Араб Падышалыгы курбандыктын төлөмдөрдү бирдиктүү “Нусук Масар” платформасы аркылуу жүргүзүүнү милдеттендирди. Бул система “Адаахий” долбооруна жооптуу расмий уюмдар аркылуу курбандыктардын туура жана шарият талаптарына ылайык аткарылышын камсыз кылат.